Күйөөгө тийүү – проблемадан куткарбайт

7 декабря 2021 Күйөөгө тийүү – проблемадан куткарбайт

Чындыкты эч ким айта бербейт. Деген менен турмушка чыга турган кыз мындай төрт чындыкты билип алышы керек. Ошондо ал иллюзия менен өмүр сүрбөйт жана бүт өмүрүн башкалардын көңүлүн табууга арнап, өзүн унутуп койбойт.

1. Нике көйгөйдөн куткарбайт

Кыздар батирден-батирге көчүп жүрүүдөн, үйүндөгү түгөнгүс маселеден чарчаганын айтканда жанындагылар “турмушка чыгып кетпейсиңби” деп акыл айтышат. Бирок, алардын бири да жакырчылыктан, жалгыздыктан кутулганың менен башка маселелерге туш болосуң деп айтышпайт.

Мейли, шашылып, болбосо “расчет” же сүйүп-күйүп турмушка чыксаң да, бардык көйгөй чечилип калбайт. Тескерисинче, көйгөй мурункудан да көбөйүп кетиши мүмкүн. Андай экен, көйгөйдү чечүү үчүн эмес, сезимдер төп келген адамга турмушка чыгуу керек. үй-бүлөлүк өмүрдүн да өз түйшүгү бар. ошон үчүн сени сүйгөн, сен сүйгөн адам менен баш кошкула.

2. Бала – эч качан бакыт боло албайт

Кыз бой жеткенде баары аны шаштыра баштайт. “Бала төрөп, эне болушуң керек. Аялдын бакыты – балада” деп. “Баланы тууп-тууп ташта, ошондо күйөөң эч жакка кете албайт” дегендер да болот. Жашы өтүп калган кыздарга болсо улуулар “Жок дегенде бала тууп ал” деп кеңеш беришет. Бирок, алардан эч бири бала жөн гана өзүн-өзү алдоо, жубатуу экенин айтышпайт. Бала тарбиялоонун бардык кыйынчылыктарын эч бири түшүндүрүп бере албайт. Ортодо баласы бар туруп да ажырашып жаткандар тууралуу айтышпайт.

Бала менен күйөөмдү жипсиз байлаймын, көп бала туусам, кайын-журтума жагам деп ката ойлобогула. “Уулум жок. Неси болсо да, уул төрөшөм керек”, “жалгыз кызыма шерик керек” дегендер да жаңылышат.

Эне болуу, бала кучактоо, баланын биринчи кадамдары убактылуу бакытка бөлөйт. Бирок, ал аялдын башын бакыттан айландыра албайт. Байкасаңыз, балалуу энелер көп, бирок алардын баары бактылуубу? Бардык ээле эркек “сен мага 7-8 бала тууп бердиң, рахмат, тукумумду көбөйттүң” деп урматтайбы? Бардык эле бала энесин алаканына салып багып атабы?

Билимди, тарбияны болушунча берсеңиз дагы, чоңойгондо өзгөрүп кеткендер бар. Андыктан, балаңыздын келечегинен бактылуу күндөрдү күтүп, азыркы учурдагы аялдык бакытты колдон чыгарып жибербегиле. Бардык тапкан-ташыганды бир гана балама дей берүүнүн кереги жок.

Эртеңки күнү “жаштыгымды сага арнадым, сени кийинттим, сен үчүн гана жашадым” дебеш үчүн, өзүңөрдү унутпагыла. Бирок, бул балага мээримдүү болбо деген сөз эмес.

3. Аялдын үйдөгү тиричилиги эч качан бааланбайт

Жаш келинге баары “барган үйгө батыш үчүн эмгегиң сиңиш керек”, “кайын журтка жагам десең, күндө таңкы тамагын түрлөп бышырып бер”, “чарчап турсаң да күйөөңдү күлүп тосуп ал” деп кеңеш беришет. Бирок, бул аялдын өмүрүнүн акырына чейин жасай турган иши экенин, чарчаганда дем алуу керектигин, үйдүн бүтпөгөн тирилигин эч ким баалбайт экенин эч ким айтпайт.

Чын эле, таңдан кечке үй жыйнап, тамак жасап, бала карап, кир жуусаң деле эч ким баалабайт. Үй ишинен бошобой жүргөндө күйөөң башка менен кетсе, баары сени күйөөлөйт. Ооруп калсаң, дары-дармекке тыйын берип жатып “элдин аялдарына окшоп иштесең боло, үйдө отура бербей” деп айтары да бышык.

Ошон үчүн, казанды жаркыратып кыра бергенче, өзүңүзгө көңүл бурганды эстен чыгарбаңыз. Бир-эки күн үй жыйналбаса эч нерсе эмес, курбулар менен жолугушууга убакыт тап. Жакшысы, акчасы аз болсо да, күнүнө бир барып келе турган жумушка чыгыш керек.

4. Баарына бирдей жага албайсың

Келиндик милдетти аткарып, өз ордун билген жакшы. Бирок, барган жердеги адамдардын баарына жагам деп аракет кылбай эле кой. Анткени, баары бир жактырбаган адам табылат.

Жаш келин кезде жардамга чакыргандар көп болот. Убакыт болсо, баргыла. Жумуштан эч ким өлгөн эмес. Бирок, иштеп жаткан ишиңди таштап, жетекчиден уруш угуп, абысын-ажындын тиричилигине баруунун кежети жок. Араң убакыт таап барсаң, “кечигип келди” дейт. “Иш бүткөндө келгенче, келбей эле койбойбу?” дегендер да болот. Баары бирдей жагуу мүмкүн эмес.

Убакыт жок болсо, аны айтуудан кысылбагыла. Чарчасаңар, дем алуудан уялбагыла. Анткени, баары эле жакшы жакшы көрө бербейт. Баарына жагууга милдеттүү эмессиңер. Башкысы, өзүңө өзүң жагып, өзүңдү жакшы көрүүнү эч качан токтотпо.