Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды

6 декабря 2021 Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды

Салык кызматы президент Садыр Жапаровдун киреше булагы жана кандай мал-мүлккө ээлик кыларын жарыялады. Ал 2020-жылга карата милдеттүү салык декларациясын тапшырган.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы былтыр 247 953 миң сом киреше тапкан, чыгашасы тууралуу жазылган эмес. Ошондой эле айыл чарба багытындагы 6 гектар жер тилкесине ээлик кылат. Мындан башка эч бир мүлкү жок.

Ал эми жакын туугандарына эки турак жай таандык, биринин аянты 389, экинчиси 50,7 чарчы метр. Гаражынын аянты 17,2 чарчы метр. "Үмүт булагы" коомдук фондунун иштетет.


sputnik