Кара-Кечеде көмүр эмнеге берилбей жатат? "Кыргыз көмүрдүн" жообу

6 декабря 2021 Кара-Кечеде көмүр эмнеге берилбей жатат? "Кыргыз көмүрдүн" жообу

"Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат кызматы эмне себептен Кара-Кечеде айдоочуларга көмүр берилбей жатканын түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакка Кара-Кече көмүр кенине чогулган айдоочулардын видеосу жарыяланган. Алар көмүр берилбей жатканына нааразы болуп, ызы-чуу кылып жатышканын айткан.

ВИДЕО

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова көмүрдү өздөрү ташып саткан менчик айдоочуларга берилчү жерде тазалоо иштери болуп жатканын айтты.

"Көмүр казылгандан кийин жолдо майда көмүрлөр топтолуп, транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Учурда ошолорду тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындай жумуш дайыма жасалат, аны айдоочулар жакшы билет. Тазалоо иштери бир жумага созулат. Андан кийин көмүр бериле баштайт", — деди Зоотбекова.

Ал ТЭЦке жагыла турган жана 3 000 сомдук арзан көмүр чыгып жатканын кошумчалады.

"Бизде көмүр ТЭЦке, калкка жана жеке ишкерлерге болуп үч коридор менен чыгат. Азыр ошонун жеке ишкерлерге берилчү коридорунда тазалоо иштери жүрүүдө. Ал эми ТЭЦке жагыла турган жана мамлекет уюштурган арзан көмүрлөр кетип жатат", — деди ал.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3 000 сомдон сатыларын убадалап, көмүр ушул баа менен алып келине баштаган. Сатуучулар арзан көмүр алууну каалагандар 10 күн эрте кезекке туруп, тизмеге жазылышы керектигин эскертишкен.


sputnik