Садыр Жапаров туулган күнүн кандай өткөрөрү айтылды

6 декабря 2021 Садыр Жапаров туулган күнүн кандай өткөрөрү айтылды

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров туулган күнүн кандай өткөрөрү тууралуу билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-декабрь, өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка чыкты.

"Мамлекет башчынын бул күнү башка иш күндөрүнөн айырмаланбайт. Жапаров туулган күнүн иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте болот", — деп айтылат маалыматта.

Президент туулган күнүн кечинде үй-бүлөсү менен тар чөйрөдө белгилей турганы кошумчаланды.


sputnik