ТУРУКТУУ ТӨШӨК ОЮНДАРЫ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮНҮН 10 ПАЙДАСЫ

6 декабря 2021 ТУРУКТУУ ТӨШӨК ОЮНДАРЫ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮНҮН 10 ПАЙДАСЫ

Секс менен алектенүү үчүн да жагымдуу маанай, жакшы шарт керек. Эгер күнү бою иштеп, үйгө келип үй иши, бала-чака менен алектенгенден кийин кайдагы төшөк оюндары, туурабы? Бул баарына эле тааныш болсо керек. Деген менен, туруктуу түрдө төшөк катнашына бара турган болсоңуз, стресстен, уйкусуздуктан жана башка көйгөйлөрдөн кутуласыз. Мисалы:

Ооруну басуучу дары боло алат

Бел менен баш ооруларын дары ичпей эле айыктырууга болот. Бул учурда массаж жасатсаңыз, аромотерапия колдонсоңуз, же секс менен алектенсеңиз болот. Акыркысы ооруну басып, маанайды да жайдары кылып коёт.

Стресске кабылбайсыз

Бүгүнкү күнүңүз оор күн болсо, жыныстык катнаш менен алектенип, денеңизди жеңилдетип, стресстик абалыңызды жөнгө сала аласыз. Анткени, секс учурунда организм дофамин, эндорфин, окситоцин сыяктуу бакыт гормондорун бөлүп чыгарат. Мындан улам, сиз да чарчагыныңызды унутуп, бакытка чөмүлөсүз.

Кан басымын төмөндөтөт

Төшөк катнашынын пайдасы кан басымы жогору, же кан басымы тез-тез көтөрүлүп турган адамдарга көбүрөөк тийет. Мейли, секс сиз калагандай болбосун, бирок пайдасы зор болуп жатпайбы. Окумуштууларга таяна турган болсок, жыныстык катнаш кан басымын төмөндөтүп, ден соолукту чыңдоого себепчи болот.

Калорияны жок кылат

Түнкү жакындашуудан кийин канча калория жок кыларыңызды билгиңиз келеби? Төшөк катнашы учурунда эркек да, аял да токтоосуз кыймылда болот. Окумуштуулардын пикиринде 25-30 мүнөткө созулган “түнкү фитнестен” кийин адам 200 ккал жок кылат. Эгер андан узагыраак болсо, 300-400 килокалориядан арыласыз.

Айыздын келүүсүн жөнгө салат

Эгер этек кирдин келиши бузулуп, сизди ойлондуруп жүрсө, анын себеби стресс болушу мүмкүн. Стресстен төшөк оюндары менен арылсак эле, айыздын келиши да өз нугуна түшүп калат.

Рактын алдын алат

Бул өзгөчө эркектер үчүн пайдалуу. Простата безинин рагын алдын алуу үчүн айына 21 жолу жыныстык катнаш менен алектенүү керек. Ошондо рак менен ооруп калам деп ойлонбой эле койсоңуз болот.

Уйкусуздукту жоёт

Физикалык көнүгүүлөр сыяктуу төшөктөгү жакындашуу да энергияны алып, денени чарчатат. Бошошуп калган дене бат эле уйкуга кетет. Ошондуктан, уйкусуздук мазаңызды алып жүргөн болсо, жыныстык катнаштын жардамына кайрылыңыз.

10 жашка жашартат

Эгер сиз жумасына кем дегенде 3 жолу секс менен алектене турган болсоңуз, бул сиздин 10 жашка жашарууңузга себепчи болот. Бул да чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасы. Жашарып, жадырап-жайнап жүрүүнү кааласаңыз, тез-тез төшөк оюндары менен алектениңиз.

Жүрөктүн иштешин жакшыртат

Туруктуу жыныстык катнаш менен алектенген эркектердин 45 пайызында жүрөк оорулары такыр байкалган эмес. Болгону кыймыл-аракет кан айланууну жакшыртып, жүрөктүн да бир калыпта согуусуна оң таасир этет.