Эки адам мерт болду. Кочкордо бакты сүзгөн BMW талкаланып калган

6 декабря 2021 Эки адам мерт болду. Кочкордо бакты сүзгөн BMW талкаланып калган

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык кан жолдун Семиз-Бел айылында катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кырсыктан бир эркек жана бир аял кишинин каза болгону айтылды. Көз жумгандардын аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине төрт куткаруучу, ИИМ кызматы жана Тез жардам кызматы тартылган.


sputnik