Билети жок учактын шассисине “коён” болуп жашарынып алган киши асманда 2,5 саат учкан

6 декабря 2021 Билети жок учактын шассисине “коён” болуп жашарынып алган киши асманда 2,5 саат учкан

АКШга мыйзамсыз учуп келген эркек киши Майаминин аэропортунан кармалган. Белгилүү болгондой, ал учактын шассисине жашырынып алып, Гватемаладан учуп келген.

26 жаштагы адамды чек ара кызматы кармаган. АКШга мыйзамсыз кирген адамды алгач ден доолугун каратуу үчүн ооруканага жиберишкен.