Ракты пайда кылган үч адатты адис санап берди

6 декабря 2021 Ракты пайда кылган үч адатты адис санап берди

Адис WeChat порталындагы "Ден соолукка күн сайын кам көргүлө" деп аталган блогдо адамдын ракка алып келүүчү адатын санап берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Блогдун авторунун айтымында, онкологиялык оорулардын себептеринин бири — адамдын кеч жатышы. Адатта түндүн бир оокумуна чейин отура бергендерде рак менен ооруп калуу кооптуулугу эрте жатып, эрте уктагандарга салыштырмалуу жогору экендиги айтылган.

Азыркы темпи өтө тез, кымгуут заман ден соолукка, тагыраагы, стресстик абал адамзаттын нерв системасына бир топ терс таасирин тийгизерин белгилеген. Автор кишинин туталануусу жана депрессия рак кооптуулугунун пайда болушуна себепкер экенин айткан.

Мындан сырткары, адамдын ден соолугуна мурда желбей, сакталып тура берген тамактар да кесепетин тийгизери белгилүү болду. Порталга жарыяланган маалыматта мурда желбей калган тамак-ашта онкологиялык илдетке алып келүүгө жөндөмдүү нитрит заттары топтоло берери айтылганын РИА Новости жазды.

Адис эске алчу дагы бир учурду айткан. Ашказан менен көк боордун иштешинин бузулушу да жогорудагы олуттуу оорунун жаралышына түрткү болушу мүмкүн деп эскерткен.


sputnik