Өлүмгө кептейт. Дарыгер антибиотикти башаламан колдонуунун кесепетин айтты

6 декабря 2021 Өлүмгө кептейт. Дарыгер антибиотикти башаламан колдонуунун кесепетин айтты

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева антибиотикти туура эмес колдонуунун кесепетин айтып, ал кандай ооруларга кептей турганын түшүндүрдү.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева

"Дүйнө эли антибиотикти башаламан колдоно берсе, 2050-жылга чейин 100 миллион адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Учурда мунун кесепетинен жылына 200 миң адам көз жумат. Алдыда бул көрсөткүч беш эсе көбөйүшү мүмкүн. Акыркы 10 жылдын ичинде антибиотикти колдонуу 36 пайызга өстү. Дүйнөдө бул препаратты көп пайдаланган өлкөлөргө Россия, Кытай, Индия, Бразилия кирет. Кыргызстанда дагы керектөө өсүп жатат. Элдин 48 пайызы дарыгердин көрсөтмөсү жок, интернеттен карап же бирөөдөн угуп эле дары иче берет. Ушундай көрүнүштөрдөн улам организмде башка оорулардын пайда болушуна өбөлгө түзүлүүдө. Өзгөчө балдарды абайлаш керек", — деген медик.

Акымбаева антибиотикти туура эмес пайдалануу кооптуу жана бара-бара адамда дарыны тоготпогон ооруларды пайда кыларын эскерткен.

"Ичеги-карында иммунитетти көтөрүп турган пайдалуу бактериялар бар. Антибиотик ашыкча колдонулса, керектүү бактерияларды өлтүрүп, иммунитет түшөт. Андан кийин ал ичегини сезгентип, ич өтүүгө алып келет. Антибиотик аллергиялык ооруларга да кептейт жана кулактын угуусун начарлатат. Ушул өңдүү көп терс таасирлери бар", — деген медик.

Ал антибиотик сатып аларда дарыгерге кайрылып, алардын берген рецепти менен ичүүнү сунуштаган.


sputnik