Партиялар АСУ жана кол менен эсептөөдө канча добуш алды. Салыштыруу

5 декабря 2021 Партиялар АСУ жана кол менен эсептөөдө канча добуш алды. Салыштыруу

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кол менен эсептөө дээрлик соңуна чыгып калды. Учурда протоколдордун 99,96 пайызы саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, протоколдорду колго эсептөө АСУнун маалыматтарынан бир аз айырмаланат. Таблицада көрүнүп тургандай, кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында дээрлик бардык партиялардын алган добуштары бир аз болсо да көбөйгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Депутаттык мандаттар төмөнкүчө бөлүндү:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 15 мандат;
  • "Ишеним" — 12 мандат;
  • "Ынтымак" — 9 мандат;
  • "Альянс" — 7 мандат;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 6 мандат;
  • "Ыйман нуру" — 5 мандат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган.


sputnik