Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат

5 декабря 2021 Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат

Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова (68 кг) быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) 7 миң доллар сыйлык алат. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.

Эл аралык спорттук уюм узаган жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга эми жыл сайын акчалай сыйлык берилип турмакчы. Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы атлеттерге үч миң доллар сый акы каралган.

Жуманазарова быйыл төрт мелдешке катышып, 114 упай топтоо менен рейтингде экинчи орунга жайгашкан.

"Жуманазарова Азия чемпиону болгондо 18, Польшадагы чемпионатта коло алганда 12, Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду багындырганда 26 упай, Ослодо дүйнө чемпионатын жеңгенде 58 упай топтой алды", — деп жазылган уюмдун сайтында.

Рейтингдин сап башын 123 упай менен америкалык Тамира Менса ээлеген, ал эми үчүнчүдө 90 упай менен нигериялык Блессинг Оборудуду турат.

Мээрим кечээ "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды.

Буга чейин UWW кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбековага 10 миң доллар, Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбековго үч миң доллардан сыйлык бермей болгон. 


sputnik