Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек. Кардиологдун кеңеши

5 декабря 2021 Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек. Кардиологдун кеңеши

Жүрөгүм кармап калбасын деп кооптонгондор эмнелерди эске алышы керектигин дарыгер-кардиолог, медицина илимдеринин доктору Кирилл Куликов "Доктор Питер" медициналык сайтына айтып берди.

Адистин билдиргенине караганда, биринчиден, жүрөктүн кармап калышына жеткирбөө керек, экинчиден, жүрөк оорудан улам жалпы абал начарлаганда бейтап туура аракеттерди көрүүсү зор мааниге ээ.

"Жүрөк кармап калат деген шектенүү жаралганда ооруну сездирбөөчү дарыларды колдонбоңуздар. Мындай учурда көп кыймылдап жана ойлонуу да ашыктык кылат. Ошондой эле жагымсыз симптомдор болуп жатса "оору өтүп кетет же жата турайын" деген да болбойт. Убакытты кетирбей Тез жардам кызматын чакыруу керек", — деген дарыгер.

Жүрөк кармашын кантип байкаса болорун да айтып берген:

  • көкүрөк туш ооруйт;
  • күйүгөт;
  • дем жетишпейт;
  • ооз көгөрөт;
  • алсыздык жаралат;
  • өң кубарып, муздак тер чыгат;
  • кооптонуу, тынчсыздануу сезими коштойт.

Адис бул симптомдор адам өтө көп кыймылдаганда, кээде тынч турганда деле болушу мүмкүндүгүн айткан. 


sputnik