Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом экени маалым болду

3 декабря 2021 Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом экени маалым болду

Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом экендигин Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

"Өзүңөр билгендей, пенсия өлкөнү өнүктүрүү жана мекенге сиңирген эмгеги үчүн берилет. Аттарын атай албайм, бирок эң көп пенсия 179 миң сом. Мындай акчаны бир эле киши алат. Эң аз пенсияны эмгек стажысы жок адамдар алышат, ал 1500 сом", — деди ал.

Алиев кайсы тармактагылар ай сайын 179 миң сом пенсия аларын ачыктай албастыгын билдирди. Анын айтымында, пенсиянын көлөмү иштеген киши канча сом которгонуна байланыштуу.


sputnik