Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

3 декабря 2021 Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, апта этегинде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте абанын температурасы 11 градуска чейин жылуу болушу божомолдонууда.

Чүй, Талас облустары

Апта аягында эки аймакта тең жаан, кар жаабай турганы айтылды. Чүйдө абанын температурасы 6...11 градуска жылыса, Таласта 9...11 градусту көрсөтүшү ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Дем алыш күндөрү өлкөнүн түштүк аймактарында да жылуу болору күтүлүп жатат. Абанын температурасы 16 градуска чейин жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө апта аягында кар жаабайт, бирок жолдор тоңголок, тайгак болору айтылды. Абанын температурасы Көлдө 5…10 градусту көрсөтсө, Нарында 2...4 градус гана жылыйт.


sputnik