Стресстен кантип арылууга болот. Дарыгерлер жол-жобосун айтты

3 декабря 2021 Стресстен кантип арылууга болот. Дарыгерлер жол-жобосун айтты

Стресс канда "коркунучтуу" холестеринди көбөйтүшү ыктымал. Бул тууралуу Daily Express гезити дарыгер Тимоти Легганын айтымына таянып кабарлады.

Медик стресс организмде химиялык процесстерди кыйындатарын айткан. Адам кыжырланганда денеде кортизол жана адреналин гормондору бөлүнүп чыгып, триглицерид майынын чыгуусун шарттайт.

"Кыжырлануу, толкундануу менен күрөшүп, серотонин, дофамин гормондорунан кутулуу үчүн адам спорт менен алектенип, туура тамактанышы керек. Тамактануу рационуна банан, брокколи, шпинат, авокадо жана кара шоколадды кошсо болот. Булардын баары тынчсыздануудан арылууга жардам берет", — деген дарыгер.

Ал канда холестериндин көп болушу жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилигине жеткирип, инсультка кептеши ыктымал экенин эскерткен.


sputnik