500 сомго эле азайдыбы? Жапаровдун жарлыгына чейин депутаттар канча маяна алчу

3 декабря 2021 500 сомго эле азайдыбы? Жапаровдун жарлыгына чейин депутаттар канча маяна алчу

Бир жыл мурунку маалымат менен салыштырганда, депутаттардын гана айлыгы 500 сомго азайып, төрага менен вице-спикерлердики өзгөрүүсүз калган.

Бүгүн президенттин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы азайтылганы тууралуу маалымат таратты. Чыгымдарды кыскартуу тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. 

Ага ылайык, мындан ары төрага 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом алары (оклад) көрсөтүлгөн. Бирок билдирүүдө эл өкүлдөрүнүн эмгек акысы канча пайызга кыскартылганы жазылган эмес.

Белгилей кетсек, былтыр пандемия күчөп жаткан маалда "депутаттар каникулга чыгып кетсе да 200-300 миң сомдон эмгек акы алып жатат" деген маалымат тараган. Ошол кездеги парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жогоруда аталган кепти төгүндөп, эл өкүлдөрү чынында канча айлык аларын айткан. 

Эгер аны менен салыштыра турган болсок, депутаттардын маянасы 500 сомго гана азайган. Ал эми төрага менен вице-спикерлердики өзгөрүүсүз эле калган. Мында фракция лидерлери менен комитеттин төрагалары канча алары айтылган эмес. 

© ФОТО / ДАНИИЛ СУЛАЙМАНОВ

Президенттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат

Бул жерде кеп негизги айлыгы, башкача айтканда, оклады жөнүндө гана сөз болууда. Эмгек кодексине ылайык, иш тажрыйбасына, класстык чинине карап дагы кошумча төлөнөт. Бир айлык маянасынын суммасына барабар эмгек өргүү акысы төлөнөт. Мындан сырткары, транспорттук чыгымдарга, концелярдык буюмдарга деп ай сайын ар бир депутатка 40 миң сомдон берилет.

Ошондой эле Жапаров бүгүнкү жарлыгы менен кызматтык автоунааларды дагы алып салганы жазылган.

"Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт", — деп билдирди маалымат кызматы.

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Төрага жана анын эки орун басары, майыптыгы бар эл өкүлү гана автоунаа менен камсыздалат. Калганы жеке унаасы менен иштөөгө макул болгон.

Ал эми кызматтык турак жайлар Бишкекте жашай турган жери жок парламентарийлердин баарына берилип келет.

sputnik