2022-жылдан баштап бул 4 нерсеге баш катырууну токтотуңуз!

3 декабря 2021 2022-жылдан баштап бул 4 нерсеге баш катырууну токтотуңуз!

Үйүңүзгө илип коё турган психологиялык КЕҢЕШ

Медицина адистеринин айтымында, бардык оорулар нервден башталат. Муну психологдор да көп кайталап айтып жүрүшөт. Андыктан, бул 4 нерсеге тынчсызданып, өзүңүздү күнөөлөгөндү токтотуңуз.

  1. “Эл эмне дейт?”

Бул ар бир өлкөдө, ар бир улутта, адамдардын арасында эң кеңири тараган тынчсыздануунун түрү. Маанилүү чечимдерди кабыл алууда мунун кедергиси тиет. Бул сизди туура жолдон адаштырат, өзүңүздөгү “менди” өлтүрөт. Андай болсо, келерки жылдан баштап тынчсызданууну токтотуңуз. Башкалардын ой-пикири сиздин жашооңузду башкаруусуна жол бербеңиз. Эл эмне десе ошо десин, камчынын сабындай кыска өмүрдө өзүңүзгө жаккан адам менен жашаңыз, ыңгайлуу кийиниңиз, өзүңүзгө ырахат тартуулай турган иш менен алектениз, каалаганыңызды кылыңыз.

  1. "Башкалар кандай жашап жатат?"

"Башкалар кандай жашап жатат?" деген кызыгуу жашоого болгон ынтаңызды арттырып, алдыга умтулууга түрткү берсе жакшы. Бирок, психологдор мындай кызыгуу көп учурда жашоодон түңүлтөт деп эсептешет. Жашооңузду, жарыңыз жана балдарыңызды башкалардыкы менен салыштыруунун кереги жок. Бирок, ар бир адамда бири кем дүйнөсү, арманы бар экенин эстен чыгарбоо керек.

Жакшы жашоого аракет кылыңыз, бардык күчүңүздү жумшаңыз, колуңуздан келбесе барга каниет кылып, жокко сабырдуу болуп, өз жашооңузду жашай бериңиз. Беш күндүк жалган өмүр көз ачып жумганча өтөт. Эң негизгиси адамдык сапатыңыздан тайбаңыз.

  1.  "Социалдык тармактагы жазылуучулардын саны канча?"

Бүгүнкү күндө айрымдар үчүн туугандарынан же жакын досторуна караганда социалдык тармактагы окурмандар артык. Алардын саны, комментарийлери, "лайктары" өзгөчө кубаныч тартуулайт. Туура, бирок социалдык тармакты реалдуу жашоо менен алмаштырып албаңыз. Андагы жагымсыз комментарий жазган "досторуңуздун" пикирлерине да көп кабатырланууну токтотуңуз.

  1. “Уят 40ка толом (же жашым 40тан ашты)...”

Жаштык чактын өткөнүнө өкүнбө. Анткени, өкүнсөң да аны кайра кайрый албайсың, убакытты токтото да албайсың. Өттү, кетти. Азыркы жашыңызга ыраазы болуңуз. Бетиңиздеги, моюнуңуздагы бырыштарды санаганды токтотуңуз, аны жашырып, кайгырууну токтотуңуз. Сиздин жашыңызга жетпей өмүрдөн өтүп кеткен адамдар көп. Билим алуу, бала төрөө, кыялдарды орундатуу үчүн жаш курак маанилүү болушу мүмкүн, бирок бактылуу болуу жаштан көз каранды эмес.