Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын азайтты. Жаңы жарлык

2 декабря 2021 Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын азайтты. Жаңы жарлык

Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралардын негизинде ЖК төрагасынын, вице-спикерлердин жана депутаттардын кызматтык айлыктары төмөндөтүлдү деп билдирди мамлекет башчынын маалымат кызматынан.

Жапаров "Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Маалыматта эми кыскарат деген бул сумма көрсөтүлгөн:

  • Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом өлчөмүндө аныкталсын;
  • вице-спикерлердики – 27 миң сом;
  • парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына - 26 миң сом;
  • депутаттарга - 25 миң сом.

Жарлыктын максаты — республикалык бюджеттин чыгашаларын иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу.

"Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражатын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" президенттин жарлыгы жаңы бюджеттик саясатты — мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөнү демилгелейт", — деп айтылган маалыматта.

Ошондой эле бюджеттик каражатты үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон нормативдик мүнөзгө ээ болгону белгиленди.

"Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт", — деп билдирди.

Маяна боюнча алганда айлык акы жана ага кошула турган каражат бар. Иштегени үчүн чыга турган айлыкка стаж, аскердик наам, класстык чин, илимий даража ж.б. үчүн акча кошулат да, башка сумма келип чыгат.


sputnik