Депутаттар бүгүн вице-спикер шайлайт. Эки талапкер көрсөтүлдү

2 декабря 2021 Депутаттар бүгүн вице-спикер шайлайт. Эки талапкер көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн вице-спикер шайлайт.

Аталган маселе күн тартибине киргизилип, түштөн кийин каралмай болду. Төраганын орун басары кызматына "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров менен "Кыргызстан" фракциясынан Улугбек Садиков көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Аны менен катар төрага Талант Мамытов дагы кызматтан убактылуу четтетилген. Учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарууда.


sputnik