"Бүтүн Кыргызстандан" депутат болчулардын кандай бизнеси бар? Тизме

2 декабря 2021 "Бүтүн Кыргызстандан" депутат болчулардын кандай бизнеси бар? Тизме

АСУнун алдын ала жыйынтыгына ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болуп, парламентте алты мандат алмай болуп турат. 

Саясий партиянын лидери Адахан Мадумаров гезит, мезгилдүү басылмаларды чыгарган "Таза-Медиа" ЖЧКсына ээлик кылат. Мындан тышкары, кино, видеоматериалдарды жасаган "SkayLand Production" компаниясында үлүшү бар.

Экс-депутат Исхак Масалиевге тамекини дүңүнөн саткан "Талас-Ош" жоопкерчилиги чектелген коому катталган. Ал ошондой эле "Тандоо" , "Абсамат Масалиев", "Кыргыз-казак достугунун "Байтас" коомдук фондун башкарып келет.

Эмил Токтошевдин мурун кант өндүргөн "Т.ЭТ. и К" ишканасы бар болчу. Азыр экс-депутатка эч нерсе катталган эмес.

Аталган партиядагы Гуля Кожокулова менен Алишер Эрбаевдин жеке ишкана, компаниясы жок.

Ал эми Орозайым Нарматова "Жаштар коому" коомдук бирикмесин жетектейт.


sputnik