Айсулуу, Акжол, Эрназар жеңүүчү. Спорттогу мыктылар сыйланган аземден сүрөт, видео

2 декабря 2021 Айсулуу, Акжол, Эрназар жеңүүчү. Спорттогу мыктылар сыйланган аземден сүрөт, видео

Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Эрназар Акматалиев Topsport.kg редакциясынын Sports Awards – 2021 сыйлыгын алышты. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы жазып чыкты.

Токио Олимпиадасынын күмүш байгесин уткан Айсулуу Тыныбекова (кыздар күрөшү) "Мыкты спортчу кыз", Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) "Мыкты спортчу" номинациясында жеңүүчү болушту. Ал эми эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев "Жылдын жаңырыгы" номинациясына татыды. Дагы бир балбан кыз Калмира Билимбекова Ардак грамота менен сыйланды.

ВИДЕО

Мындан сырткары, күрөш жаатындагы бир катар жетекчилер, машыктыруучулар сыйлык жана Ардак грамота алышты.

Күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов (жакында эле кызматынан кетүү боюнча арыз жазган) "Жылдын меценаты", эркин күрөш боюнча улуттук команданын башкы насаатчысы Руслан Маджинов "Жылдын мыкты машыктыруучусу" номинациясында жеңүүчү болушту.

Ал эми өлкөнүн кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучулар Нурбек Изабеков менен Азат Эркимбаевге Мурат Саралинов атындагы сыйлык ыйгарылды.

Ошондой эле Күрөш федерациясынын бюросунун мүчөлөрү Тимур Пазылов, Алмаз Бекбоев жана Мамасалы Кадыровго Ардак грамота берилди.

Эскерте кетсек, Topsport.kg редакциясы жыл сайын өлкөдө өзгөчөлөнгөн спортчуларды урматтап бир катар номинация боюнча Sports Awards сыйлыгын берип келет.


sputnik