Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, телефону кайтарылды

2 декабря 2021 Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, телефону кайтарылды

Ыкчам иликтөө иштердин жыйынтыгында Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды ыкчам издөө жана тергөө боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, борбор калаанын криминалдык милициясы тарабынан Чүй облусунда туулган 23 жаштагы Э.Ы. аттуу жаран кармалды", — деп билдирди ШИИБден.

Ал тергөө үчүн Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды.

"Кармалган киши өз ыктыяры менен тартип сакчыларына Текебаевге тиешелүү мобилдик телефонду берди", — деп кошумчалашкан алар.

Милиция учурда бул ишке катышы бар башка шектүүлөрдү издөө жана аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

Эске салсак, кечээ, 1-декабрда, борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров Текебаевге кол салуу ишин тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген.


sputnik