УКМК: чек арада Тажикстан тараптан ок атуу болду

2 декабря 2021 УКМК: чек арада Тажикстан тараптан ок атуу болду

Чек ара кызматы саат 22:30га карата абал туруктуу, бирок бир аз чыңалуунун белгилери бар экенин билдирди.

Баткен облусундагы Дахма аймагында чек ара сызыгына жакын жерде Тажикстан тарабынан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, ок атуу саат 21:15 чамасында катталды.

"Болжол менен ок аңчылык куралдан атылды. Кырдаалды тактоо үчүн жерине Кыргызстан менен Тажикстан тараптан чек ара заставаларынын начальниктери барып, ок аткандарды издөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына маалымат берилди.

Баткен боюнча чек ара өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арада чагымчылдыкка жол берилбеши керектигин талкуулашты.

Чек ара кызматы саат 22:30га карата абал туруктуу, бирок бир аз чыңалуунун белгилери бар экенин кошумчалады.

sputnik