100 жаштагы кемпир узак жашоонун сыры менен бөлүштү

1 декабря 2021 100 жаштагы кемпир узак жашоонун сыры менен бөлүштү

Барбадосто жашаган Кэтрин Керино жакында 100 жашка чыкты. Мурда саркеч кийимдерди сатуу менен алектенген аял узак жашоонун сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу Barbados Today басылмасы билдирет.

Леоне Кэтрин Керино өзүнүн юбилейин балдарынын жана неберелеринин арасында белгиледи. Анын балдары башка өлкөдө жашашат. Карыганына карабай жалгыз жашап, өзүнө өзү кам көрүп келет. Чач тарачка дайыма барып турат.

Керинонун айтымында, узак жашоонун негизги сыры – Кудайга ишенүү, туура тамактануу жана ичкиликтен баш тартуу. Акыркы 25 жылдан бери алкоголдук ичимдиктерди ичпей, анын ордуна чөптөрдөн жасалган чай ичет.

Ошондой эле, Леоне Кэтриндин айтымында, жашоого аң-сезимдүү көз карашта болуу маанилүү.

"Сиз өзүңүзгө өзүңүз менеджерсиз. Жашооңузду сизден башка эч ким башкара албайт. Муну аң-сезим менен кыласыз, болбосо кылбайсыз", - деди Куэрино Barbados Todayге.

Өмүрүнүн көп бөлүгүн Леоне Кэтрин люкс бутиктин менеджери жана ээси болуп иштеген. Ал иш боюнча Францияга жана Улуу Британияга көп каттачу.