“Өзү төшөк көрбөгөн, “таза” кыз... Менин күйөөмдү каалап жатат.
Өзүн Асила деп тааныштырган келин 40 жашка таяп калган курбусуна боору ооруп жатканын айтып сөзүн баштады. Бир жагынан ката кетирип, эртеңки күнү үй-бүлөмдүн ынтымагы бузулбайбы деп коркуп жатат.
- Экөөбүз 8 жылдан бери катташабыз. Эч кандай ашыкча кыймылы, жаман адаты жана арамдыгы жок кыз. Бирок, багы ачылган жок. Канча жигит менен тааныштырсак да болбой, турмушка чыккан жок. Турмушка такыр чыккан эмес, өзүнүн айтымында “таза кыз”.
Экөөбүз жакшы сырдашпыз. Күйөөмдү да жакшы тааныйт. Күйөөм да аны сыйлайт. Бирок, күтүүсүздөн айтылган сунуш менин оюмду санга бөлүп, тынчтык бербей келет.
Жакында ошол курбум ресторанга чакырып, тайсалдап сөз баштай албай, көпкө олтурду. Өмүрү ичимдик оозуна албаган шарап ичип алды ошол күнү. Мен аң-таң болуп олтурдум.
«Бул сунушту кабыл албасаң, мен таарынбайм. Болгону урушпачы. Мени бир гана сен түшүнөсүң... Күйөөңдөн төрөп алайынчы, башка эч кандай жаман оюм жок!” дегенде олтурган жеримден кулап кете жаздадым. Колум титиреп, бокалымды түшүрүп ала жаздап, өзүмө араң келдим.
Бир эле учурда ачуулануу, кызганыч, шектенүү, көрө албастык, түшүнүксүз сезимдер аралашып, баары бетиме чыкты окшойт. Ал коркуп кетти.
— Жок, бизден шектенбе. Бул жөн гана менин сунушум, жолдошуң такыр билбейт. Экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок. Мен биринчи сага айтып, сенин уруксатың, жардамың менен күйөөңө айтайын дегем. Ал макул болбой калышы да мүмкүн" деп актанып алды.
Ошол күнү араң өзүмдү кармап, үйгө жеттим. Курбумдун айтканынан кийин аны көргүм келбей, ачууланып жаттым.
Ал вотсапка жазды, чалды, жооп берген жокмун. Күйөөмө да айткан жокмун. Сырттан байкасам, эч бир шектүү аракет жок. Акыры курбум өзү үйгө издеп келди.
«Кечирчи, мен сөзүмдөн кайттым... Болгону балалуу болууну кыялданчумун. Жок дегенде баламдын атасы ким экенин, тегин билсин деген ой менен төрөгүм келген... Кош бойлуу болуп калсам бул шаардан, жада калса өлкөдөн да кетип, жолтоо болбоюн деп ойлогом...” – деп ыйлап, кечирим сурады. Экөөбүз кошулуп ыйладык.
Ошондон бери ойлонуп жүрөм. Жолдошум макул болуп, мен уруксат берсем эмне болот? Ал эми күйөөм баламды таштабайм десечи? Ырас, ал атасы болгондон кийин ага жооптуу. Балким, мен күйөөмө экинчи аял кылып берсемби?! Бирок, балдарыбыз эмне дейт? Төркүнүм эмне дейт? Муну сыр кармай албайбыз го?!
Ичимде кызганыч бар экенин мойнума алам. Бирок, курбумдун абалы да ойлондурбай койбойт. Мындайда кандай кеңеш берет элеңиздер? Асила азырынча бир чечимге келе электигин айтат.