Новосибирскиде Кыргызстандан биринчи дүң жана чекене азык-түлүк дүкөнү “Салам” ачылды. Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург сыяктуу шаарларда бүтүндөй дүкөндөр тармагын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынан билдиришти.
Дүкөндө органикалык жана адал продукциялар, улуттук буюмдар жана маданий элементтер, косметикалык буюмдар жана башка товарлар коюлган.
«Салам» соода үйү аркылуу товарларды сатуу ата мекендик кайра иштетүүчүлөрдөн жана өндүрүүчүлөрдөн товарларды экспорттоону көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ата мекендик компаниялар жана ишкерлер россиялык компания менен маргиналдык шарттарда атайын импорттук келишимге кол коюу сыяктуу тоскоолдуктардан өтпөстөн жаңы рынокко чыга алышат, деп белгилейт ассоциация.
Дүкөндүн өнөктөшү болуу жана россиялык рынокко чыгуу үчүн продукциянын тиешелүү документтери (сертификат, ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоого уруксат) болушу керек. Ассоциациянын мүчөлөрү бирикмеге кошулган артыкчылык укуктарына ээ.