2018-жылдын эң начар сыр сөздөрү тизмектелди. Аларды эч качан колдонбоңуз

17 декабря 2018 2018-жылдын эң начар сыр сөздөрү тизмектелди. Аларды эч качан колдонбоңуз

Бешинчи орунда 12345 сандарынын комбинациясы турат.

SplashData компаниясы 2018-жылдагы эң начар 100 сыр сөздүн тизмесин жарыялаганын Teamsid басылмасы жазып чыкты.

Аталган комбинациялар даярдыксыз киберкылмышкерлерге дагы колдонуучулардын жеке маалыматын алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Эң көп учураган сыр сөз — 123456, экинчиде — password, анын артынан "татаалыраагы" — 123456789, кийинкиде — 12345678, бешинчиге 12345 кирди.

Ондукка 111111 менен qwerty, ал эми 20 сапка — 666666 жана!@#$%^&* жашыруун сөздөрү тизмектелген. Ошондой эле тизмеге welcome менен АКШнын президенти — donald сыр сөзү да кирген.

Адистер сыр сөз катары атактуу адамдардын ысымы, спорттук терминдер, катардагы белгилер менен сандарды колдонбоону кеңеш берет.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Владимир Песня