Тим Маккей секс-роботтордун так иштеши үчүн конструкторлор алардын кызматынан пайдалангандар туурасында маалымат топтошот.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Секс-роботтор уят видеолорго аңчылык кылган кибер кылмышкерлер тарабынан кооптуу техникага айланышы мүмкүн. Бул туурасында маалыматтык коопсуздук боюнча иштеген Synopsys компаниясынын техникалык кеңешчиси айтканын The Sun жазды.
Тим Маккей секс-роботтордун так иштеши үчүн конструкторлор алардын кызматынан пайдалангандар туурасында маалымат топтошот.
Кибер кылмышкерлер секс-куурчактардагы камера менен микрофондун иштешин аралыктан туруп эле көзөмөлдөй алышары айтылган. Процесс учурундагы маалыматтарга ээ болгондон соң ал кишини шантаж кылышы мүмкүн.
"Колдонгон адамдар акылдуу делген гаджеттерден көп нерсени күтүшөт, ал эми коопсуздук анын артынан жетпей калып жатат", — деген эксперт.
© AFP 2018 / BEHROUZ MEHRI
Секс-роботторду төшөк мамилесинен баш тартууга да үйрөтүштү
Маалымат алуу хакерлер үчүн анча деле кыйынчылыкты жаратпайт. Эксперт андыктан секс-куурчактын ээси өзүнүн коопсуздугуна өзү кам көрүшү керектигин айткан.
Аны сатып алып жатканда гаджет сыр сөз менен корголгондугун жана калган баскычтары ишенимдүү экендигине ынанышы керек. Керек болсо заводдукун өзү ойлоп тапкан вариантына алмаштырып коюу ылайык экени жазылган.
2017-жылдын январында Lovense Remote тиркемесинин колдонуучусу секс-куурчакты колдонууда башкарып жаткан буйруктар телефондун эсине сакталып кала тургандыгын таап алган. Кийинчерээк аталган өндүрүшчүнүн бул багыттагы дагы бир ушул сыяктуу жагдайы табылган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2018 / FRED DUFOUR