Өзгөндө Daewoo Tico унаасы сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Сүрөт

30 ноября 2021 Өзгөндө Daewoo Tico унаасы сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Сүрөт

Жаракат алган эки киши Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгондордун сөөгүн туугандары алып кеткен.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЧС

Ош облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-ноябрда, болгон. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, эки адам ар кандай жаракат алышкан. Учурда аты-жөнү такталууда.

Жаракат алган адамдар Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон кишилердин сөөгүн туугандары алып кеткен.

Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, унааны сайдан чыгарышкан.

sputnik