Психолог бала өзү төшөк маселесине байланыштуу суроо берген учурда жооп берүүдөн качпаш керектигин айтат. Ал үчүн ата-эне бири-бири менен сүйлөшүп, даярданып алганы жакшы.
Балага жыныстык тарбия берүү үчүн ата-эне өзү кандай даярдыктан өтүшү керектигин РИА Новости агенттигине Россиянын сексологиялык илимий коомунун мүчөсү, психолог Татьяна Селезнева айтып берди.
Алгач адис бала кайсы курактан баштап жыныстык тарбияга даяр болорун түшүндүрдү.
"Ар бир бала дүйнө таанымына жараша ар кайсы куракта "жетилет". Негизги 15-16 жашка чейин акырындык менен маалымат алып алганы туура. Мисалы, жыныстык органдар, алардын функциялары, бойго бүтүп калуу жана венерологиялык оорулардан сактануу жолдорун билиши керек. Качан гана уул-кыздар 16дан ашканда секс тууралуу, болгондо дагы анын жалаң негитивдүү жактарын айта баштаган туура эмес", — деди Селезнева.
Психолог "төшөк мамилеси тууралуу балага туура түшүндүрүп берсе келечеги жакшы болорун" кошумчалады.
Ошондой эле ал ата-энелер өздөрү диалог баштоодон уялбаш үчүн кантип даярданышы керектигин айтып берди.
"Алгач ата-эне бири-бири менен сүйлөшүп, даярданып алганы жакшы. Учурда жыныстык тарбия тууралуу балдар үчүн китептер өтө көп. Ошолорду алып окуп койсо балдар гана эмес, чоңдор дагы көп нерселерди биле алышат", — деди адис.
Сөзүнүн соңунда психолог бала өзү төшөк маселесине байланыштуу суроо берген учурда жооп берүүдөн эч качан качпаш керектигин айтат.