Чайды өтө кызыл демдеп ичпеш керек. Эндокринологдун кеңеши

30 ноября 2021 Чайды өтө кызыл демдеп ичпеш керек. Эндокринологдун кеңеши

Эндокринолог кайсы бир дарыны, маселен, канды суюлтуу үчүн аспирин ичип жаткандарга да кызыл демделген чайды сунуштаган эмес.

Эндокринолог, диетолог Оксана Михалева кимдерге чай ичкенге болбой турганын айтты. Адистин кеңеши "Известия" басылмасына жарыяланды.

Эндокринолог чайдын курамында полифенол (катехиндер, теафлавиндер,флавоноиддер), амин кычкылы, A, C, K, β-каротин витаминдери, органикалык кычкылдар, липид, белок, углевод, кофеин, фтор, бор, кобальт, жез, марганец жана цинк сыяктуу микронутриенттер бар экенин айтып, ал микробго каршы таасир эте аларын, антиоксиндат экенин белгилеген. Холестеринди түшүрүүгө да жардам берет.

Ошол эле учурда медик аны көп ичүү зыян экенин эскерткен.

"Кызыл демделген чайды көп ичүү өзгөчө ашказанды оорутуп, жүрөктү айлантып, ичти катырышы ыктымал. Ошондой эле боорду бузуп, нерв системасына, уйкуга терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деди адис.

Мындан улам Михалева аритмия, жүрөк оору, депрессия, кант диабети, гипертония, бөйрөк оорусу менен жабыркагандар, ашказанда жарасы барлар, он эли ичегиси ооругандар, боорунда өнөкөт дарты барларга кызыл демделген чайды сунуштаган эмес. Анткени бул учурда мындай илдети барлардан кан кетиши ыктымал.

Эндокринолог кайсы бир дарыны, маселен, канды суюлтуу үчүн аспирин ичип жаткандарга да чайды өтө кызыл демдеп ичпеш керектигин эскерткен. Бул учурда дагы кан кетиши мүмкүн.

sputnik