Кененсаров баштаган "Азия MIX" командасы Москвадагы КВНге катышты. Видео

29 ноября 2021 Кененсаров баштаган "Азия MIX" командасы Москвадагы КВНге катышты. Видео

Бишкектин "Азия MIX" командасы Москвада КВНдин 60 жылдык юбилейине катышты. Оюн кечээ Россиянын Биринчи каналынан көрсөтүлдү.

"Шайырлар жана тапкычтар клубунун" юбилейлик оюну эң таанымал командаларды чогулткан, арасында мурда кубокту уткандар жана чемпион болгондор бар. Иш-чара 23-ноябрда Москвадагы Crocus City Hall концерттик залында өттү.

Калыстар тобуна Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков, музыкант, саясатчы жана RTVI телеканалынын башкы продюсери Сергей Шнуров, Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст, режиссер жана алып баруучу Юлий Гусман, Россиянын эл артисти Геннадий Хазанов жана актриса Юлия Пересильд кирген.

Бишкектин командасынын курамында Эльдияр Кененсаров жана иниси Эрмек Кененсаров, Камила Абдил, Сергей Душимов, Азамат Токтосунов, Азамат Уланов жана башкалар ойногон.

Программанын саламдашуу бөлүмүндө кыргызстандыктар Дмитрий Песков тууралуу тамашалуу ыр ырдаган.

"Башчыңар каякта, жолдобу? Ал азыр Кремлде жалгыз отуруп көп маселени чечип жатат. Чалса албайсыңар, бир саат издеди, а силер КВН көрүп жыргап отурасыңар", — деп айтылган ырда.

"Азия MIX" финалды да ыр менен жыйынтыктаган.

КВН 1961-жылдын 8-ноябрынан бери көрсөтүлүп келет.

sputnik