БШК төрайымы бардык партия өкүлдөрүн жолугууга чакырып, аларга кечээ эмне болгонун түшүндүрүүгө даяр экенин билдирген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, шайлоо органынын сайтында кеткен ката үчүн кечирим сурады.
Белгилей кетсек, БШКнын алдында шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялардын тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, аны кайра өткөрүүнү талап кылып жатышат. Алар ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкага кетишин талап кылышкан.
"Расмий сайтка чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм. Бирок АСУ технологиясы так иштээрине кепилдик берем. Азыркы учурда система так иштеп жатат. Ошондой эле бул алдын ала маалымат. Юридикалык жактан мааниге ээ эмес деген мыйзамда норма бар. Шайлоонун жыйынтыгы кол менен эсептөөдөн кийин чыгарылат. Азыр протоколдор келип түшүп, эсептөө жүрүүдө. Эгерде участкаларда мыйзам бузуулар болсо, арыздарды округдарга бергиле. Бардыгы каралып чыгат. Ошондой эле бардык партия өкүлдөрүн жолугууга чакырам. Аларга кечээ эмне болгонун түшүндүрүүгө даярбыз", — деди Шайлдабекова.
Кайрылуу жасаган соң ал имаратка кирип кеткен. Чогулгандар бийликке эки күндүк убакыт берип, тарай турганын айтышты.