Партия тизмеси менен шайлооодо эң көп добуш алган 10 талапкер

29 ноября 2021 Партия тизмеси менен шайлооодо эң көп добуш алган 10 талапкер

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун АСУ эсептеген алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алдын ала жыйынтык боюнча партия системасы менен эң көп добуш алган 10 талапкерди тизмектеди. Анда көрүнүп тургандай, эң көп добушту беш пайыздык босогодон өткөн партиялардын мүчөлөрү алган.

Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан") — 21 675 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 25,85 пайызы;

Эрулан Көкүлов ("Ынтымак") — 17 744 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 13,08 пайызы;

Бакыт Төрөбаев ("Ата-Журт" Кыргызстан) — 16 915 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 8,08 пайызы;

Фархат Исмаилов ("Ата-Журт" Кыргызстан) — 15 788 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 7,53 пайызы;

Нуржигит Кадырбеков ("Ыйман Нуру") — 14 144 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 18,62 пайызы;

Таалайбек Сарыбашев ( "Ата-Журт Кыргызстан") — 11 630 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 5,55 пайызы;

Исхак Масалиев ("Бүтүн Кыргызстан") — 11 302 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 13, 48 пайызы;

Султанбай Айжигитов ("Ыйман нуру") — 10 417 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 13,72 пайызы;

Эмилбек Жусупов ("Ишеним") — 10 371 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 6,17 пайызы;

Медербек Алиев ("Ишеним") — 10 361 добуш. Бул — саясий партияга берилген добуштун 6,16 пайызы.

Белгилей кетсек, бул жылы Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы тартип менен өттү. Анда 54 талапкер партия тизмеси менен, ал эми 36сы бир мандатуу округдан шайланды. Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. БШК добуштарды кол менен эсептеп баштады. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.

sputnik