Дарыгер кандагы кантты дары-дармектин жардамы жок түшүрүүнүн жолдорун айтты

29 ноября 2021 Дарыгер кандагы кантты дары-дармектин жардамы жок түшүрүүнүн жолдорун айтты

Медик кара шоколад да кандагы канттын деңгээлин түшүрүүгө жардам берерин айтып, тузду аз колдонуп, көп кыймылдоону пайдалуу ыкмалардын катарына кошкон.

Кандагы канттын деңгээлин дары-дармексиз түшүрүүгө ырдоо техникасы жардам берет. Бул тууралуу дарыгер Майкл Мосли Британиянын Daily Mail басылмасына маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, бул ыкма — стресс гормону деп аталган кортизолду түшүрүүгө көмөк көрсөтөт.

"Мында кан басым менен кандагы канттын деңгээли төмөндөйт (кортизол канда канттын деңгээлин көбөйтөт). Бул ыкма бат эле иштейт", — деди Мосли.

Медик кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүү үчүн ысык сууга түшүүнү сунуштаган.

"Күндө ысык сууга жуунганда кан басым төмөндөйт. Анткени ысык суу кан тамырларды кеңейтип, жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, организмде кан жакшы циркуляция болот", — деди дарыгер.

Мосли кара шоколад да кандагы канттын деңгээлин түшүрүүгө жардам берерин айтып, тузду аз колдонуп, көп кыймылдоону пайдалуу ыкмалардын катарына кошкон.

sputnik