Гусейн автоунаа белек кылган кыргызстандыктын үй-бүлөсү менен таанышты. Видео

29 ноября 2021 Гусейн автоунаа белек кылган кыргызстандыктын үй-бүлөсү менен таанышты. Видео

Кыргызстандык жаран блогерди үй-бүлөсү менен тааныштырып, кийин Кыргызстандын өкмөтүнөн чалып, жардам сунушташканын айтты.

Россиялык блогер Гусейн Гасанов бир нече күн мурда автоунаа белек кылган кыргызстандык Эген Апсаматовдун үй-бүлөсү менен таанышты.

ВИДЕО

Жолугушуу Апсаматов белекке алган KIA Rio автоунаасы менен келип токтогон унаа токтотуучу жайлардын биринде болду.

"Мен сени көргөнү келдим", — деди Гасанов.

Кыргызстандык жаран блогерди үй-бүлөсү менен тааныштырып, Instagram социалдык тармагына катталганын айтты. Ошондой эле ал Кыргызстандын өкмөтүнөн чалып, жардам сунушташканын кошумчалады.

"Сиз жөн гана автоунаа белек кылып койбой, жашообузду өзгөрттүңүз. Өзгөчө кызыбыздын жашоосун", — деди таксисттин жубайы.

Апсаматов автоунаанын арткы айнектерине "Гусейнден белек" деп жазып коёрун билдирди.

Эске салсак, Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян Москвада такси айдап иштеген кыргызстандыкка автоунаа белек кылган.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20211127/1054753804/gusejn-gasanov-kyrgyzstandyk-uj-bulo.html