«Кыздарым телефон чалбайт»: аксылык карыя кетирген катасын мойнуна алды

29 ноября 2021 «Кыздарым телефон чалбайт»: аксылык карыя кетирген катасын мойнуна алды

Кызы бар аталар окушу керек

«Кыздарым мээрисизболуп чоңойгону менин кандай ата болгонумду көрсөтүп турат», - деп баштады аксылык Жолон карыя.

Ал эми аталарды ойго салган окуясы менен бөлүштү. “Баары кеч, айткан сөздөрүмдү кайтара албайм. Бирок, мен башка аталардын ката кетирүүсүнө тоскоол боло алам. Каталыгым башкаларга сабак болсо экен дейм.

Алты кызым бар. Уулум жок. Баласыз адамдардын алдында мен алда канча бактылуу экенмин. Бирок, муну кеч түшүндүм. Өмүрүмдү уруш-талаш, кайгыруу, өзүмдү башкалар менен салыштыруу менен өткөрүп алганыма өкүнөм. Өмүр бою уулдуу болууну кааладым. Аялымды күнөөлөп, кыздарымды да уул болуп төрүлбөгөнү үчүн уруша берчүмүн.

Классташтарымдын менин көзүмчө атайын “Эркектен уул төрөлөт” деген сөздөрүнө ачуум келчү. Ачуумду аялымдан, кыздарымдан чыгардым. Кыздарым эркелеп жаныма келсе, урушуп жолотчу эмесмин. Эч качан “кызым” деп айткан эмес экенмин. Кыздарыма мээрим төккөн жокмун. Бул сөздөр аларга канчалык оор тийгенин эми гана түшүнүп олтурам.

Аялым каза болгонуна эки жыл болду. Эки жылдын ичинде жалгыздыктан жинди болуп кала жаздадым. Ал эми кыздарым апасынын жылдык ашын бергенден кийин кайрылып келишкен жок. Телефон да чалышпайт. Баарыбыз тең бир облуста турабыз. Алар мага абдан суук. Кимге таарынайын, “Кызым” деп эч качан айтпаган өзүм күнөөлүмүн. Азыр алар да “Атамдын абалы кандай болду экен?” деп ойлошпойт.

Ата-эне кичине кезинде канчалык мээрим төксө, картайганда перзент да ошончолук мээримдүү, күйүмдүү болот экен. Ал тургай, кыздарым туулган күнүмдө да куттукташпайт. Мейли куттуктабай эле коюшсун, болгону “Ата, абалыңыз кандай” деген бир ооз сөздү айтып чалышса жетет эле...” деп сөзүнүн аягын айта албай карыя кемшеңдеп ыйлап жүберди. Ал эми окурман, сизчи, кары ата-энеңизге акыркы жолу качан чалдыңыз эле?