Дарыгер кышында ичүүгө болбой турган суусундуктарды атады

29 ноября 2021 Дарыгер кышында ичүүгө болбой турган суусундуктарды атады

Медицина илимдеринин доктору, диетолог Михаил Гинзбург кышында кандай суусундуктарды ичүү туура жана кандай суусундуктардан баш тартуу боюнча кеңеш берди.

Кышында адамдын организми суюктукту көп талап кылбайт. Бирок, суук мезгилде да эң пайдалуусу суу.

«Эгерде сизде жүрөк жана бөйрөк оорулары жок болсо, күн сайын мүмкүн болушунча көп суу ичкен пайдалуу. Эң негизгиси организм дайыма сууга муктаж экенин эстен чыгарбоо керек”, - дейт диетолог.

Ошондой эле, көк чай жана шекерсиз жемиш ширелери менен чаңкооңузду кандырсаңыз болот. Ал эми сүт организмдеги чаңкоону басуучу суюктук эмес.

«Курамында канты бар суусундуктар менен туздуу суусундуктар адамдын организминдеги суюктукту толтура албайт. Алар калория аркылуу тамак-аш катары ташылат. Сүт жана газдалган суусундуктар да организмдеги суусунду кандыра албайт. Курамында пайдалуу заттарды камтыган ар кандай суусундукту биз тамак катары карайбыз. Демек, адам үчүн эң пайдалуусу – табигый суу. Ал эми минералдык сууларга келсек, алардын курамында калий, магний жана хлор бар, ошондуктан табигый ашкана минералдык суусундуктарынын ден соолукка зыяны жок. Ал эми өзгөчө дарылык касиетке ээ минералдык сууну дени сак адам ичпеши керек”, - деп түшүндүрдү Михаил Гинзбург.

«Муздак суу, сүт жана башка суусундуктар жогорку дем алуу жолдорундагы былжыр челдин гипотермиясын козгоочу фактору болуп саналат. Натыйжада, вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун пайда болуу коркунучу жогорулайт”, - дейт Гинзбург.