110 миң үй-бүлө электр энергияга 50 тыйындан төлөсүн. Жапаров тапшырма берди

26 ноября 2021 110 миң үй-бүлө электр энергияга 50 тыйындан төлөсүн. Жапаров тапшырма берди

1-январдан баштап электр кубаты үчүн тариф 50 тыйынга түшүрүлүп, калган 27 тыйыны бюджеттен төлөнөт.

Кыргызстанда жашаган жакыр үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга түшүрүлсүн. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында министрлер кабинетине берди.

Мамлекет башчынын айтымында, өлкөдө 110 518 миң үй-бүлө жакыр жашайт. Алар мамлекет тарабынан колдоого алынышы керек.

"Муктаж үй-бүлөлөргө жардамды биринчи электр энергиясынан баштайлы. Азыркы тариф 77 тыйындан, аны 1-январдан баштап 50 тыйынга түшүрүп бергиле. Калган 27 тыйынын бюджеттен төлөп бересиздер. Бир айдын ичинде калктын абалын дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла", — деди Жапаров.

Бул боюнча Энергетика министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш алып барат.

Аны менен катар жаңы жылдан кийин тамак-аш таратып берүүнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тапшырды.

"Азыр буудай, уну болушу керек, жаңы жылдан кийин мамлекеттик резервден сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер", — деди мамлекет башчы.

Тамак-аш канча көлөмдө берилиши керектигин министрлер кабинети талдап чыгат.

sputnik