Конуштардагы жер тилкелер мыйзамдаштырылат. Эмне документ керек

26 ноября 2021 Конуштардагы жер тилкелер мыйзамдаштырылат. Эмне документ керек

Коомдук талкууга "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр түшкөн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору коюлган.

Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине документ берүү үчүн мобилдик топ түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мобилдик топ жеринде иш алып бармакчы.

"Учурда "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр түшкөн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал ушул жылдын 29-ноябрына чейин каралып бүтүшү керек", — деп жазылган маалыматта.

Мэрия жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун алгачкы процедурасына кандай документтер керек экенин айтты:

өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);

айланадагы кошуналардан алынган тил каттар, ал кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек;

кварталдык комитеттин төрагасы же МТУнун төрагасы тарабынан жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн саны тууралуу күбөлөндүрүлгөн маалым кат.

sputnik