АКШда каршылашын сулата тепкен мушкер өзүнүн бутун сындырып алды. Видео

26 ноября 2021 АКШда каршылашын сулата тепкен мушкер өзүнүн бутун сындырып алды. Видео

Америкалык ММА мушкери Дилан Кискила эсте каларлык нокаут менен атаандашын утуп алды. Бирок жеңиш оңойчулук менен келбей бутун сындырып алган.

Окуя Фарго шаарындагы Captain"s Fight Club турниринде болгон. Видео уюштуруучулардын Facebook баракчасына чыккан.

ВИДЕО

Кадрлардан көрүнүп тургандай, Кискила атаандашы Кая Дюкени буту менен башка тээп нокаутка кетирип, андан кийин чогуу кулап түшкөн. Кийин спортчу бутун сындырып алганы белгилүү болгон. 

Беттештен кийин спортчу уюштуруучулар менен байланышып, жаракат алганын тастыктаган.

Конор Макгрегор Дастин Порье менен UFC турниринде ушундай жаракат алганы белгиленет. Ирландиялык атлет бутун кызыл ашыктын үстүнөн сындырып алган.

sputnik