Экөөлөп кетти. Арстандарга жем болгон антилопанын видеосу

25 ноября 2021 Экөөлөп кетти. Арстандарга жем болгон антилопанын видеосу

Каршылык көрсөтүп, жашоо үчүн күрөшкөн антилопа менен эркек жана ургаачы арстандын кармашы көпкө созулган жок. Бул окуяга бир нече метр аралыкта туристтер көз салып турган.

Окуя Кениядагы Масаи-Мара жаратылыш паркында болгон.

Жаратылыш парктын аймагында кетип бара жаткан антилопага алгач гиеналар кол салып, бирок алы жетпегендиктен айласыздын кала берген. Алардан бошонгон жаныбарга ошол жерде байкоо салып аралап жүргөн ургаачы арстан кол салган. Бир нече ирмемден кийин ага эркеги кошулган. Экөөлөгөн жырткычтарга туруштук бере албаган антилопа буттарын асмандаткан тейде жатып калганын кадрдан көрүүгө болот. Дагы бир аздан соң үчүнчү арстан келип кошулган.

Бул окуя болуп жаткан жерден бир нече метр аралыкта антилопалардын үйүрү жайылып жүргөндүгүн байкоого болот. Бирок бул маңыроо жаныбарлар үйүрлөшүнө жардамга келген эмес.

Күч жагынан басымдуулук кылып кеткен арстандарга жем болгон антилопанын акыркы мүнөттөрүн ошол жерде автоунаада отурган туристтер камерага тартып алышкан.

sputnik