Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот

25 ноября 2021 Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот

Саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп УКМК тарабынан кармалган.

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупцияга айыпталып кармалган саясатчыларды УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтү 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин бөгөт чарасы узартылды. Мындай чечимди бүгүн, 25-ноябрда, Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Аталган саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.

sputnik