Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы

17 декабря 2018 Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы

УКМКдан экс-вице-премьердин банктагы ячейкасы ачылган видео банк тарабынан 2017-жылы тартылышы мүмкүндүгүн айтышты.

 УКМК экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы ячейкасындагы акчалардын алынышы тартылган видео боюнча билдирүү таратты.

Аталган комитеттен мурунку аткаминердин банктагы ячейкасы ачылган видео банк тарабынан 2017-жылы тартылышы мүмкүндүгүн айтышты.

"Бул видео экс-вице-премьерге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө иш-чараларынын алкагында табылган. УКМК видеону декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш ишине тиркелгенин жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт ",— деп айтылган билдирүүдө.

УКМКдан видеодо көрсөтүлгөн акча каражаттарын Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин белгилей кетүү керек деп кошумчалашкан.

Эске салсак, УКМК 2018-жылдын 10-декабрында буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келген Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылды жана үй-жайы тинтилди деген малымат таратып, андан соң аны тастыктаган видео чыгарган.

Ага улай эле, тагыраагы, бир күндөн соң банктык ячейкалардан алынган акчаны аял кишилердин санап жаткан видеону тараткан. 

Анын эртеси, 12-декабрда, "Оптима банк" Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык эсебинен чыгарылган акча боюнча тараган видеого байланыштуу билдирүү жасап, видеону акчанын ээсине, тагыраагы, Зилалиевдин өзүнөн башка адамга бербегенин билдиришкен. Анда Интернетке тараган видео бир жыл мурда тартылгандыгы кабарланган.

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон.

Эскерте кетсек, Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген.



Дагы: sputnik.kg, фото-© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File Photo