Күн кайра ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

25 ноября 2021 Күн кайра ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

Апта аягы жуманын башына салыштырмалуу суугураак болору айтылды. 27-ноябрь түнкүсүн көп жерде кар жаашы күтүлүүдө.

Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, апта этегинде айрым жерлерге кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы салыштырмалуу төмөн болору божомолдонду. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок абанын температурасы төмөндөп 3...5 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

27-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 27-ноябрь күндүз жана 28-ноябрда жаан, кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы күндүз 0...5 градуска чейин муздаса, түнкүсүн -2…-7 градуска чейин суук болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында 27-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 28-ноябрда күн ачылат. Абанын температурасы 12 градуска чейин жылуу болору божомолдонду.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө дагы ишемби күнү кар жаашы мүмкүн. 28-ноябрда жаан, кар жаабайт. Күндүз абанын температурасы -1…-6 градуска чейин жетип, суук болушу күтүлүүдө.

sputnik