Дарыгер сабизди кимдер жесе болбой турганын айтты

25 ноября 2021 Дарыгер сабизди кимдер жесе болбой турганын айтты

Адис ички органдар сабиздеги каротинди сиңире албай кыйнала турганын айтты. Бул боору, ичеги-карын, ашказанында оорусу барларга тиешелүү.

Кайсы ооруларда сабиз жегенге болбой турганын дарыгер-диетолог Ольга Кораблева РИА Новостиге айтып берди.

Адистин айтымында, бул жашылча териге, жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу, арыктоого жардам берет. Бирок боору ооругандар абайлашы керек.

"Эгер боор начар болсо, ал каротинди сиңире албай кыйналат. Ошондой эле ашказан жарасы барлар, ичеги-карыны ооругандар, энтерит менен жабыркагандар, башкача айтканда, жоон ичегиси сезгенгендерге да сабиз болбойт", — деди Кораблева.

Ал сабизди сатып алып жатканда сырткы көрүнүшүнө да маани берүү керектигин айткан. Адатта жумшак жана жарака кеткен сабиздердин ичи бузулуп кеткен болот.

sputnik