“Бойго жеткен адамды сүннөткө отургузса болобу?!”
– Улуу сөздө уят жок, мени эч ким күнөөлөбөсүнчү... Ооба, менин жолдошум да, кайын энем да таза кыргыз эмес. Тагыраак айтканда, мусулман болгон эмес. Мен аны сүйүп калгандан кийин гана анын ишеними башка экенин түшүндүм. Бирок, жүрөгүмдү башкара албай, үйдөгүлөр канчалык каршы болсо да, сезимдеримди жеңе алган жокмун. Ошентип, мен анын ишенимине кирип, турмушка чыктым.
Кайсы дин экенин айтпай эле койгонум жакшыдыр, бирок эң негизгиси ислам дини бардык жагынан туура экенине бир нече жылдар бою айтып аларды ынандырдым. Рамазан айында орозо кармап, сүрөө окуп, хадистерди айтуу менен ислам динине тарттым. Алгач, албетте, кыйынчылыктар болду. Ага көнө албай жаттым. Тарбиям менен өзүмө сиңген адептүүлүктүн үрөнү акыры жеңип чыкты.
Төркүнүмдөгү, туугандар куран окулганда арасында жолдошум менен кайын энем колун жайып, бетин сылашкан эмес. Азыр жолдошум мени менен мечитке барып садака берип, ар бейшемби, жума күндөрү куран жаттап, окуп жүрөт. Кайын энемдин да көз карашы өзгөрдү.
Мени азыр бир суроо тынчсыздандырат. Күйөөм сүннөткө отургузулган эмес... Мусулманчылыкта сүннөткө отургузуу парз экенин дагы деле билбейт, билсе да унчукпай жүрөт. Уулубуз бар, азыр үч жашта. Дагы эки жылдан кийин сүннөткө отургузууга жашы жетет. Азыр мен аларга сүннөткө отургузуу жөнүндө айтсам, аны “жапайылык” деп айтышабы деп тартынам. Кантип жеткиреримди билбей жүрөм. Бул маселе тынчтык бербей келет.
Толук мусулман болуу үчүн сүннөткө отуруу керекпи? 31 жаштагы эркекти сүннөткө отургузса болобу? Мен бул жагын билбейм.
Ал эми сүннөткө отургузулбаган эркекке турмушка чыккан шариятта боюнча күнөө эмеспи? Ушул суроолор тынчымды алып жатат... Балким окурмандар кеңеш берер?!, - дейт Аруузат.