Балага ата-энесинин ажырашканы эки курагында өтө оор тиет. Психологдун маеги

24 ноября 2021 Балага ата-энесинин ажырашканы эки курагында өтө оор тиет. Психологдун маеги

Кыргызстанда соңку беш жылдын ичинде балдардын 49 пайызы толук кандуу эмес үй-бүлөдө төрөлгөн. Тагыраагы, ушунча бала атасыз өсүүдө.

"Бакыт ордосу" борборунун педагог-психологу Айнек Муратбекова болуп, кризистик абалга туш болгон же ажырашып кеткен үй-бүлөдөгү балдардын психологиясынын жабыркашы туурасында маек курду.

— Негизи ажырашканда ата-эне балдардын абалын, психологиясын, көйгөйүн эске албайт. Чоңдор үчүн көпчүлүк учурда баланын курсагы ток, ажырашып кеткенде алимент төлөнсө болду... Адис катары ата-энеси эки башка жолго түшкөн балдардын психологиялык абалын окурмандарга түшүндүрүп берсеңиз?

— Бул коомубуздагы эң актуалдуу маселелердин бири. Мен иштеген "Бакыт ордосу" үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоо борбору да ачылгандан бери ушул маселени карап келет. Сиз айткандай, бизде жубайлардын ажырашуусунда балдарынын ою, сезими көмүскөдө калат. Эки чоң адамдын оту күйүшпөй калуусунан балдар жабыркап, психологиялык жактан жаракат алып калышы мүмкүн. Айрым наристелер жеңил, кээ бирлери оор сокку алат. Бала экономикалык жактан кыйналса туугандары, жакындары жардам көрсөтүп ордун толуктап коюшу мүмкүн. Социалдык жактан бара-бара дос күтүп, башкалар жакшы мамиле кылып толукталып калышы ыктымал. Эгер бала психологиялык жактан жабыркаса жана аны менен убагында эч ким иштешип, жардам көрсөтүлбөсө, ал бала келечекте да кыйналып калышы мүмкүн. Бала деген өзүнчө бир дүйнө. Үй-бүлө бир коомдун очогу болуп жатат, ал капкалуу шаар. Үйдө ар кандай окуя болот, ажырашуунун да себеби түрдүү. Баланын да өзүнүн көз карашы бар. Ошонун баары айтылбай, убагында сыртка чыкпай калып, анын ою, үнү аң-сезимдин түпкүрүндө басылып калат. Эч качан жок болбойт. Убагы келгенде, кандайдыр бир себеп жаралганда сыртка чыга албай калган бук, күйүт сөзсүз жанданып, ал жараатты, ооруну пайда кылат.

— Учурда ажырашуулар менен кошо эле никесиз төрөлгөн балдардын да саны өсүүдө. Мындай толук эмес үй-бүлөдө өскөн балдардан келечекте кандай ата-энелерди күтөбүз? Аларга бала кезде алган жарааты канчалык таасир этет?

— Баланын индивид катары өсүп-өнүшүнө үч фактор — ген, чөйрө жана убакыт таасир этет. Генетика баланын ата-энесинин жеке сапаттары, төрөт учурунда жана наристенин түйүлдүк кезинде жубайлардын ич ара мамилеси менен байланыштуу. Ошондой эле баланын кандай окуяларды баштан өткөргөндүгү жана чөйрөсү да анын индивидуалдуу адам болуп калыптанышында роль ойнойт.

Негизи бала жарык дүйнөгө келген соң наристе кезинен эле эгосу (мени), үч жашынан баштап "дүйнөнүн борборунда мен бармын" деген сезими, супер эгосу калыптанат. Никесиз төрөлгөн ымыркайдын ошол эгосу, өзүнө болгон баасы төмөндөп, башкаларга ишенбей калат. Ошондон улам жоопкерчиликсиз, сөзүнө турбаган сапаттар калыптана баштайт. Мындай балдарды кичинесинен эле коом, адистер дагы таштап койбой жардам бериши керек.

Муратбекова: эгер бала психологиялык жактан жабыркаса жана аны менен убагында эч ким иштешип, жардам көрсөтүлбөсө, ал бала келечекте да кыйналып калышы мүмкүн

— Ата-энесинин ажырашуусу эркек балдарга жана кыздарга бирдей эле таасир этеби?

— Ажырашуунун тийгизген таасири баланын жашына, жынысына карап айырмаланат. Түрк психологдорунун изилдөөсүнө караганда, ата-энесинин ажырашуусунан кыздар 5-6 жашында эмоционалдык жактан катуу жабыркайт экен. Ал эми 8-10 жаштагы эркек балдар ажырашууну оор кабылдагандыктан жүрүм-туруму начарлап, сөз укпай, жоопкерчиликсиз болуп, бирөө менен урушуп, чоңдор менен айтышып, ички абалын агрессия аркылуу көрсөтө баштайт. Ажырашып жатканда балдардын да сөзүн угуп, оюна кызыгып, сүйлөшүү керек. Айтайын деген ою учурунда чыкпай калса, кийин аны башка терс жолдор менен чыгарат.

— Бул жүрүп отуруп баланын ден соолугуна таасир этиши мүмкүнбү?

— Сөзсүз. Себеби жубайлар ажырашканда туугандары эки адамга эле көңүл бөлүп, балдарды "булар кичине, жаш, түшүнбөйт" деп коюшат. Өспүрүм куракта ата-энеси ажырашса, ич күптүсү айтылбай калган балдар көбүнчө ичимдик ичкен же туура эмес жүргөн топторго кошулуп кетет. Анткени аны эч ким укпай жатпайбы. Анын да "ата, таштабачы" же "апа, кетпечи" деп айта турган ою бар болчу да. Анан ал "ооба, сен барсың, сен да бул ааламда бир инсансың" деп аны тааныган коомду издейт. Негизи жаш курак менен алып карай турган болсок, ажырашуу балдарга эки куракта өзгөчө таасир этет. Ал эгосу калыптанып жаткан үч-беш жашында жана 12 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүм курак. Бул мезгилде бала дүйнөнү, баалуулуктарды таанып, өзү да өнүгүп жаткан болот. Дүйнөнү бөбөктөр ата-энеси аркылуу тааныйт. Анан ушул маанилүү куракта алардын ажырашып кетиши абдан чоң жараат алып келет. Ошондуктан ата-эне сөзсүз түрдө баланын да сөзүн угуп, андан эч нерсе жашырбашы керек. Кыргызда "бала тамырчы" деген жакшы сөз бар. Ал атасы менен апасынын ортосунда келишпестик болуп жатканын сезет.

— Айрым учурда бала да ыйлап, сүйлөшпөй агрессия көргөзүшү мүмкүн да. Негизи эле балага ажырашууну түшүндүрүүнүн дагы кандай ыкмалары бар?

— Чоң адамдар деле ажырашууга өзүн даярдап жатпайбы, кичинекейлерди да ошондой эле даярдоо керек. Жубайлар ажырашып кеткенден кийинки жолугушуу бала мурда көнгөн, билген үй шартында өткөнү жакшы. Эгер баланы туугандардыкына же кафеге алып барып алсак, ички сезимдерин толук чыгара албай калат. Ошол себептен наристе менен үй шартында сүйлөшкөн жакшы. Бала менен сүйлөшүп жатканда ата-эне эч убакта бири-бирин айыптабашы зарыл. Анда наристе баарына ичинен өзүн күнөөлөп калышы мүмкүн. "Мен үчүн ата-энем ажырашып кетти" деген өзүн жемелеген туура эмес ой менен чоңоёт. Баланы да сөзсүз угуу керек. Айрым балдарда "мен да кийин ажырашып кетсемчи" деген кооптонуу жашап калат.

Муратбекова: бала деген өзүнчө бир дүйнө. Үй-бүлө бир коомдун очогу болуп жатат, ал капкалуу шаар. Үйдө ар кандай окуя болот, ажырашуунун да себеби түрдүү. Баланын да өзүнүн көз карашы бар. Ошонун баары айтылбай, убагында сыртка чыкпай калып, анын ою, үнү аң-сезимдин түпкүрүндө басылып калат

— Даярдоо жаш курагынан көз карандыбы? Канча убакыт кетет?

— Ар бир адам индивидуалдуу. Баарынын жеке дүйнөсү бар. Ошого жараша баланын дартын аныктап, мамиле кылабыз. Эгер бала өспүрүм куракка жете элек болсо, анда сүрөт тартып ойнотуу менен ата-энесинин ажырашуусун айтканга чейин даярдайбыз. Чоңоюп калган балдарга сүйлөшүп, сөз менен терапия жүргүзөбүз. Мисалы, "бош стол" деген ыкма бар. Анда баланын маңдайына бош стол коюп "мында апаң же атаң отурат, аларга эмне айтар элең?" деп оюн айттырып, ички бугун чыгартып алууга болот. Психологдор жаш курагына жараша ар түрдүү ыкмаларды колдонот.

— Ар кандай себептер менен күтүүсүздөн ажырашып кеткен жубайлар болот эмеспи. Кээ бирлер ажырашкан соң душманга айланып кетишет. Бул жагы балдарга кандай таасир калтырат?

— Ооба, жашоодо ар кандай учурлар болот. Ата-эненин касташканы, албетте, балага чоң сокку болот. Аталары кара жумушта иштейби же кеңседе иштейби, кичинекей үчүн баары бир ата-эне. Алар кандай болсо ошондой сүйөт. Бөбөктөр үчүн атасы менен энесинен өткөн мыкты адам жок. Бала өзүн бул эки адамдын тең жарымы катары сезет. Алар ажырашкан соң бирөөсүн көрбөй калганда наристе өзүн күнөөлөп баштайт. Ошентип ичинде "мени таштап кетти" деген таарыныч пайда болот. Бара-бара ага да көнүп, турмушка баш иет. Эч ким "ажырашам" деп турмуш курбайт. Аялдарга да бул учур оор экенин түшүнөм, бирок такыр эле чөгүп кетпеш керек. Баласы менен да сүйлөшүп, анын колдоп турбаса болбойт.

Ата-эне жолукканда балага "ажырашканыбызга сенин эч кандай күнөөң жок. Биз эки башка жолго түштүк, бирок сени менен ажырашпайбыз. Биздин балабыз бойдон каласың. Мурда кандай жакшы көрсөк, дагы деле ошондой жакшы көрө беребиз" деп айтышы керек. "Көйнөктүн кирин самын кетирет, көңүлдүн кирин айтып кетирет" дегендей, биз көбүнчө ичибиздегини айтпай эле бук болуп кала беребиз. Биздин борборго келген көптөгөн балдарды, эжелерди карап турсам, көкүрөгүндөгү ойду бирөөгө айтып чыгарып албай эле кыйнала беришет. Күйүт ичте калып кетсе ооруга айланарын ата-бабалар деле айтышкан. Андыктан жакынына айтып, болбосо өзүнө өзү же досуна кат жазуу аркылуу чыгарып алганы жакшы. 

— Бала ата-энесинин ажырашуусун, тескерисинче, жеңил кабыл алып "ушинтип эле ажырашып кетсе болот тура, үй-бүлө деген жөнөкөй эле бир союз окшобойбу" деп кийинки турмушуна жоопкерчиликсиздик менен мамиле кылып калышы мүмкүнбү?

— Ажырашуу баланын турмушуна сөзсүз таасир этет. Ата-энесинин эки башка жашап калышынан кийин бала бат эле өзүнө келет. Бирок анын ичинде баары бир айтылбай калган көйгөй калышы ыктымал. Кийин кичинекей эле сөз же окуя түрткү болуп, аң-сезимдин түпкүрүндө катылган көйгөй ойгонуп, турмушуна терс таасир тийгизиши мүмкүн. Биз "баары жакшы, бала эрте эле көнүп кетти" деп айта беребиз. Ошондуктан психологияга узак убакыттарга чейин байкоо жүргүзүлөт. Баланы "кичинекей да, ал эч нерсе түшүнбөйт" дейбиз. Жок, бала — бул чоң дүйнө. Каза берсең ичинин ушундай көп нерселер чыгат.

Муратбекова: эгер бала өспүрүм куракка жете элек болсо, анда сүрөт тартып ойнотуу менен ата-энесинин ажырашуусун айтканга чейин даярдайбыз. Чоңоюп калган балдарга сүйлөшүп, сөз менен терапия жүргүзөбүз

— Туугандары, баланын достору же классташтары кандай жардам бере алат?

— Биздин коомдо ар түрдүү катмарга мамиле кылуу иши алсызыраак. Аялуу балдарга, ажырашкан үй-бүлөлөргө кандай мамиле жасоону балдарыбызга үйрөткөн эмеспиз. Кыргыздын көп маселеси эле дасторкон үстүндө чечилген. Тамактанып жатканда эле ага "атаң таштап кеткен же апаң жок өңдүү сөздөрдү баланчага айтпагыла. Болбойт, катуу тиет" деп үйрөтүү керек. Чоңдор аны жакшы көрөрүн туюнтуп, баланын сөзүн да угуп, оюн сурап, ал да бир инсан, өзүнчө индивид экенин сездирүү керек. Ата-эненин мээримин эч ким бере албайт, бирок жакындары бөбөктүн оюн угуп, ички кыйкырыгына көңүл буруп колдой алат.

Үч жаштан беш жашка чейинки балдарга деле ата-эненин эки башка жашап калганын түшүндүрүүгө туура келет. Анткени бала ушул куракта ата-энесинин ажырашканын түшүнбөсө деле бир нерсе жетишпегенин сезет. Жети жашка чейинки балдар ата-энесин өзүнүн оң жана сол колундай көрөт. Анан ага бир кол жетишпей жаткандай болгон сезимин туталануу, ый менен жеткирет. Чырылдап баштайт. Ажырашкан апа да депрессияда болгондуктан буга көп көңүл бура бербейт. Көбү муну түшүнбөйт. Андан улам бала үнүн жеткирүү үчүн башкача бир адаттарды таап алат. Айрымдар түнкүсүн төшөккө сийип баштайт. Муну психологияда "түнкү көз жаш" деп коёбуз. Күндүз ыйлай бергенде урушуп тыябыз. Ичиндегисин жаш менен чыгара албай уктап жатканда сийип коёт.

— Ажырашкандан кийин ата-эне балага кандай мамиле кылыш керек?

— Бала кимде каларын өзү чечиши керек. Кимиси балага көбүрөөк мээрим бере алары, социалдык абалы жана каржы маселеси да каралат. Алты жашка чейинки бөбөктөр сөзсүз энесинде болушу абзел. Бала атасында калса ага апасын, апасындагы балага атасын жамандаган туура эмес. Анткени бөбөк өзүнүн жарымын атасы, жарымын апасы деп билет. Ата-энеси тууралуу жагымсыз сөз укса, өзүнө алат. Бир кезде сиз да ал адамды жакшы көргөнсүз, тандагансыз. Ошол үчүн баланын көзүнчө түгөйүңүздү эч качан жамандабаңыз. Ажырашар алдында да "бир жумада бир же эки көрүшкөнгө даярсыңбы?" деп баладан сурап, ата-баланын бири-бири менен жолугушуусуна такыр тыюу салбаш керек. Бала чоңоюп, башка дүйнөнү тааныганда деле анын түпкү булагы ата-энеси болуп кала берет. Дайыма баланын көзүнчө күлүп туруу керек деп айтпайм. Ыйлагыңыз келсе ыйлаңыз, кучактаңыз, эмоцияңызды чыгара бериңиз, бирок соолубай жандуу болуңуз.

Анан да ажырашуу — бул жашоонун бүтүшү эмес. Бир канча убакыт өткөн соң жеке тандооңуздар менен башка бүлө курушуңуздар мүмкүн. Ким балага жакшы мамиле кылат же кымбат нерсе алып берет деген болбогон атаандашуунун кереги жок. Анткени бала — ортодогу тандоо, эки кишинин канынан жаралган данек. Бизде салыштыруу деген нерсе бар. "Сенин атаң ушундай болчу же энең жаманынан ушинтти да" деп айтууга болбойт. Бизде кайын журт тарап балага ушундай сөздөрдү көп айтат. Анан апасы менен турган бала атасына барып келген соң "ии, атаң эмне алып берди? Ушуну эле алып берип койдубу, ал мынча эле сом турат" деп да айткандар бар. Мунун баары баланын жүрөгүнө так болуп кала берип, психологиялык жараатка айланат, жашоосуна кедергисин тийгизет. Кийин аялынан же башка бирөөнөн чыгарышы мүмкүн. Кээ бир адамдар сыртынан абдан тынч, бир мүнөз көрүнөт, бирок бир ачуусу келгенде опурталдуу. Бул туура эмес сөз, мамиле ичте топтолуп отуруп, акыры сыртка чыккандагы нерсе.

— Кээде баланы ата-энелердин бири чет мамлекетке алып чыгып кетүүгө аракет кылат эмеспи...

— Бул эгоизм. Ошондуктан өспүрүм курактагы баладан кеткиси келер-келбесин сураш керек. Ал эми кичинекейлер үчүн бул оор. Ата-энесинин бирөөсү баланы алып кетип калса, ага бул жакта бир нерсеси калып калгандай сезилет. Алгач таарынуу, кек сактоо, кийин жек көрүү сезими пайда болот.

Муратбекова: баланы "кичинекей да, ал эч нерсе түшүнбөйт" дейбиз. Жок, бала — бул чоң дүйнө. Каза берсең ичинин ушундай көп нерселер чыгат

— Ажырашкан жубайлар айрым учурда түгөй тандоодо да баланын сезими менен эсептешпейт.

— Баланын жаш курагына жараша оюн сураш керек. Ата-энеси жаңы ажырашса же он жыл мурун эки башка жолго түшсө деле үй-бүлөсүнө жаңы адамды кабыл алуу бала үчүн өтө оор. Буга да баланы даярдоо керек. Башка бир адамды жашоосуна кабыл алуу ага абдан кыйын. Көп фактор бар. Бирок адамдын табияты ушул, даярдасаңыз деле алгач кабыл албайт, ичинен "Эмнеге мен? Эмнеге биздин үй-бүлө?" деген суроо коёт. "Мен эмес, ордумда башка бирөө болсо болмок" дейт. Анан өзүн күнөөлөп баштайт. "Апам экөөбүз жакшы жашай албай жаткандыктан жашообузга бирөөнү кошту да" деген ойлор келет. Акыры барып ал адамды кабыл алат же апасын кечирет. Баары бир ушул этаптардан өтөт. Биздин нейрондорубуз ошондой иштейт. Ага чейин бүлөгө кошулчу адам балага жагуу үчүн кызыкчылыктарына карап мамиле жасап көндүрүүсү абзел.

— Айрым учурда үй-бүлөнүн ажырашуусу менен бир туугандарды да бөлүп алышат. Мисалы, улуусун "мен баккам" деп чоң энеси алса, бири апасында, экинчиси атасында калат. Мунун өзү балдарга оор тийбейби?

— Бир туугандарды ажыратып койсо, балдардын жарааты ата-энеси ажырашкандан эки эсе кыйын болот.

— Учурда кайсы бир көйгөйлөрдөн улам тил табыша албай жаткан үй-бүлөлөргө адис катары кандай кеңеш берет элеңиз?

— Адам ачууланып турганда акыл качат деп коёт. Бир аз ойлонуп, эстүү болушу керек. Психологияда "беш эмнеге?" деген ыкма бар. Мисалы, аялы менен урушуп кеткен адам "эмнеге ачууланып жатам? Аялым менен эмнеге уруштум?..." деп улам суроо берип отуруп, маселенин тамыры такыр эле башка жакта экенин таап чыгат. Бизде акыл-эс бар. Ошол себептен "азыр ажыраштым, анан беш-он жылдан кийин эмне болот" деп акыл калчай жүргөнүбүз жакшы. Үй-бүлө — эки кишинин келишиминен куралат. Ал эки адамдын өнөктөштүгү. Айымдар күйөөсүнө болгон таарынычын, оюн, анын жакпаган сапатын айта жүргөнү жакшы. Мисалы, гүл алгыбыз келсе, оюбуздагыны айтпай эле кыжалат боло беребиз.

Сүйүүнүн беш тили бар. Кимдир бирөө кучактап, бири сөзү аркылуу, экинчилери белек берип сүйүүсүн билдирет. Алгач түгөйүңүздүн сырын, сапаттарын билип алып ошого жараша мамиле жасоо керек. Анткени эркектер логикага, аялдар эмоцияга таянат.

sputnik