Ат-Башыда УКМКнын заманбап шарты бар жаңы имараты ачылды. Сүрөт

24 ноября 2021 Ат-Башыда УКМКнын заманбап шарты бар жаңы имараты ачылды. Сүрөт

Жаңы имарат заманбап жабдуулар менен толук камсыздалып, кызматкерлер үчүн иштөө шарты талапка жооп берери айтылды.

Бүгүн, 24-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГКНБ КР

Бүгүн, 24-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылып, ишке берилди

Ачылыш салтанатка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү өздүк курамы жана жетекчилиги, коопсуздук кызматынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган, иштөө шарттары талапка жооп берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, УКМКнын Нарын облусу боюнча имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү кабарланды. Имараттын алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спорт залы да пайдаланууга берилди.

Коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылары кошумчаланды.

sputnik