Бишкекте троллейбус, автобустар кышкы графикке өттү. Каттамдар

24 ноября 2021 Бишкекте троллейбус, автобустар кышкы графикке өттү. Каттамдар

Троллейбус, автобустарды каттамга үзгүлтүксүз чыгарып турууну камсыз кылган техникалык түзүмдүн иши күчөтүлгөнү айтылды.

Бишкекте кышка карата автобус менен троллейбустардын иш графиги узартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, эми муниципалдык коомдук транспорт 22:00гө чейин иштейт. Күн жылууда алар 21:00гө чейин каттачу.

"Аба ырайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу автоунаа көп жүргөн маалда (17:00дөн 19:00гө чейин) муниципалдык коомдук транспортту чыгаруу үчүн бардык аракет көрүлөт. Троллейбус, автобустарды каттамга үзгүлтүксүз чыгарып турууну камсыз кылган техникалык түзүмдүн иши күчөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Автобустардын жүгүртмөсү менен маршруттары:

№ 6 — каттамга 11 автобус чыгып, алар Ала-Тоо жаңы конушунан Тунгуч кичи районуна чейин жүрөт;

№ 7т— каттамга 12 автобус чыгып, алар Аламедин-1 кичи районунан Дачага чейин жүрөт;

№ 8 — каттамга 3 автобус чыгып, алар Төмөнкү Ороктон "Ош" базарына чейин барат;

№ 9 — каттамга үч автобус чыгып, алар 9-кичи райондон Тынчтык жаңы конушуна чейин жүрөт;

№ 18 — каттамга 9 автобус чыгып, алар Маевка айылынан Кызыл-Туу айылына чейин барат;

№ 36 — каттамга 14 автобус чыгып, алар Ак-Ордо жаңы конушунан Өскөн-Ордо жаңы конушуна чейин жүрөт;

№ 38 — каттамга 10 автобус чыгып, алар 110-кварталдан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин барат;

№ 42 — каттамга 14 автобус чыгып, алар 12-кичи райондон Ала-Тоо жаңы конушуна чейин барат;

№ 48 — каттамга 3 автобус чыгып, алар Темир жол бекетинен Чыгыш автобекетине чейин барат.

Троллейбустардын жүгүртмөсү менен маршруттары:

№ 2 — каттамга 12 троллейбус чыгып, Эт комбинатынан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин барат;

№ 4 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Эт комбинатынан Булгаары заводу районуна чейин барат;

№ 5 — каттамга 15 троллейбус чыгып, Тунгуч кичи районунан Жалга чейин барат;

№6 — каттамга 10 троллейбус чыгып, 8-кичи райондон Батыш автобекетине чейин барат;

№ 7 — каттамга 11 троллейбус чыгып, "Ош" базарынан Тунгуч кичи районуна чейин барат;

№ 8 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Чыгыш автобекетинен Жер иштетүү институтуна чейин барат;

№ 9 — каттамга төрт троллейбус чыгып, Жер иштетүү институтунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин жүрөт;

№ 10 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Фрунзе заводунан Асанбай кичи районуна чейин жүрөт;

№ 11 — каттамга 14 троллейбус чыгып, Асанбай кичи районунан Чыгыш автобекетине чейин жүрөт;

№ 14 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Жал кичи районунан Киркомстромго чейин жүрөт;

№ 17 — каттамга 13 троллейбус чыгып, Булгаары заводунан Асанбай кичи районуна чейин жүрөт.

Мэриянын маалымат кызматы борбордук көчөлөрдө автоунаа көп болгондуктан тыгын жаралып, коомдук транспорттун аралыгы созулуп кетип жатканын белгилеген.

sputnik